loader

Ушул күндөрү Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы 22 мектептен 60 мугалим «Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнүн максаттары» аталышындагы курска катышып өздүк билимин өркүндөтүштү

Курста туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты менен таанышып аларды жакындан кеңири талдашты. Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү негизги компетенциялар жана билим берүүнүн окуу максаттары, ТӨМдүн үч чөйрөсү менен жакындан иштешти.

Мугалимдер туруктуу өнүгүүнүн максаттарын турмуштук кырдаалдарды чагылдыруу менен балдарга тактап айтканда окуучуларга берүүгө өмүр бою керектүү жана кызыктуу маалыматка ээ болуп, сабакта креативдүүлүк менен иштөө көндүмдөрү жанданды.

Мына ушундай курстун тренери КР БИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин Филологиялык билим берүү кафедрасынын доценти п.и.к. Койлубаева Айнура Кадырбаевна болду.